ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы Катчылыкка келди
2024-жылдын, 23 февраль

2024-жылдын 23-февралында ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш аны коштогон делегация менен бирге Азия Парламенттик Ассамблеясынын (АПА) 14-пленардык отурумуна катышуу үчүн Азербайжанга сапарынын алкагында ТҮРКПАнын Катчылыгында болду.

Парламенттин башчысын ТУУЖдун мүчөлөрү Элван Ышык Гезмиш, Шамил Айрым, Абдулкадир Эмин Өнен, Ильяс Топсакал, Күршад Зорлу, Мустафа Билижи жана Түркия Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчиси Жахит Багжы коштоп жүрүштү.

Конокторду куттуктоо сөзүндө ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр Катчылыктын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

ТУУЖдун Төрагасы жылуу кабыл алгандыгы үчүн Башкы катчыга жана Катчылыктын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Ал түрк мамлекеттердин ортосундагы кызматташтык мындан ары да чыңдалып, парламенттер аралык жана түрк кызматташтыктын башка маанилүү багыттарын өнүктүрүүгө салым кошоруна ишенимин билдирди.

Иш сапардын соңунда баары чогуу сүрөткө түшүштү.