ТҮРКПА жөнүндө

Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы (ТҮРКПА) 2008-жылдын 21-ноябрында Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын Парламенттеринин төрагалары кол койгон Келишимдин негизинде, Түркиянын Стамбул шаарындагы Долмабахче сарайында түзүлгөн.

2009-жылдын 29-сентябрында Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарында Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы (ТҮРКПА) биринчи пленардык отуруму болуп өттү. Пленардык отурумда ТҮРКПАнын Регламентин, Катчылыгынын Жобосун жана Баку Декларациясын түзүү жана Катчылыктын Баку шаарында туруктуу негизде жайгаштырылуусу боюнча чечимдер кабыл алынган.

Негиздөө келишими, Стамбул, 2008-жыл
Кабыл алуучу өлкө келишими, Баку, 2010-жыл

Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын негизги максаттарына көз карандысыздык, суверендүүлүк, аймактык бүтүндүктүн жана мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги принциптерин урматтоо, тең укуктуулук, бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө, күч колдонуу жана коркутуу коркунучу, экономикалык жана башка ар кандай кысым ыкмаларынан баш тартуу негизинде мамлекеттердин саясий жана экономикалык коопсуздугун чыңдоо, эл чарбасынын динамикалуу өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын толук жана натыйжалуу пайдалануу аркылуу элдердин жыргалчылыгын жогорулатуу, улуттук экономикалардын динамикалуу өнүгүшү, парламенттик дипломатия жаатындагы жаңы жетишкендиктер, региондук жана эл аралык коомчулуктун башка мүчө өлкөлөрүнүн парламенттери жана башка эл аралык уюмдар менен жаңы мамилелерди түзүү жана учурдагы мамилелерди өнүктүрүү кирет.

Ассамблея Кеңеши
АЗЕРБАЙЖАН
Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы
Азербайжандын ТҮРКПАдагы улуттук делегациясынын жетекчиси
КАЗАКСТАН
Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы
Казакстандын ТҮРКПАдагы улуттук делегациясынын жетекчиси
Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы
КЫРГЫЗСТАН
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Кыргызстандын ТҮРКПАдагы улуттук делегациясынын жетекчиси
ТҮРКИЯ
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы
Түркиянын ТҮРКПАдагы улуттук делегациясынын жетекчиси
Туруктуу комиссиялар
Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссия

Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссия

Экономикалык кызматташтык боюнча комиссия

Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссия

Катчылык
Башкы катчы
Катчылыктын дипломатиялык кызматкерлери