Нуман Куртулмуш
TR
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы
Түркиянын ТҮРКПАдагы улуттук делегациясынын жетекчиси

Боштондук согушунун ардагери, маркум майор Нуман Куртулмуштун небереси, Түркиянын белгилүү аалымдарынын бири жана Республика доорунда латын тамгалары менен жазылган алгачкы катехизм китептеринин бири болгон “Аментү Шерхи” китебинин автору. Көптөгөн фонддордун жана кайрымдуулук уюмдарынын негиздөөчүлөрүнүн бири, маркум доктор Исмаил Ниязи Куртулмуштун уулу.

Стамбул Имам Хатип лицейин бүтүргөн жана Стамбул университетинин бизнести башкаруу факультетинде бакалавр жана магистратурада билим алган.

1992-жылы экономика илимдеринин кандидаты, 1994-жылы Стамбул университетинин Экономика факультетинде доценттик илимий даражага ээ болгон. АКШдагы Корнелл университетинде академиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 2004-жылы профессор болгон. Көп жылдар бою Стамбул университетинин Экономика факультетинде социалдык саясат жана адам ресурстарын башкаруу боюнча лекцияларды окуган.

1998-жылы активдүү саясат менен алектенип, Изгилик партиясынын Стамбул шаары боюнча төрагасы жана жалпы башкаруу кеңешинин мүчөсү болгон. 2008-жылы “Саадат” партиясынын Төрагасы болуп шайланган. 2010-жылы 1-ноябрда “Эл үнү” партиясы (“HAS” партиясы) түзүлгөн. 2012-жылы “HAS” партиясын АК партия менен (Адилеттик жана Өнүгүү партиясы) бириктирүү чечими кабыл алынган. Н. Куртулмуш АК партиянын Экономикалык маселелер боюнча Төрагасынын орун басары болуп иштеген.

2014-жылдын 29-августунда алтымыш экинчи өкмөттө вице-премьер-министр кызматына киришкен. Алтымыш үчүнчү, алтымыш төртүнчү жана алтымыш бешинчи өкмөттөр вице-премьер-министр жана өкмөттүн басма сөз катчысы болуп иштеп, алтымыш бешинчи өкмөттө Маданият жана туризм министри болуп дайындалган.

2018-жылдын 18-июнунда Борбордук чечим жана башкаруу кеңешинин мүчөсү болуп шайланып, АК партиянын Төрагасынын орун басары болуп иштеген. Жыйырма сегизинчи чакырылыштагы Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Стамбул шаардык депутаты болуп шайланган. Ошол эле мезгилде 2023-жылдын 7-июнунда жыйырма сегизинчи чакырылыштагы Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы болуп шайланып, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын 30-төрагасы болду.