Бакуда түрк маданий мурастарына арналган конференция өттү
2024-жылдын, 14 март

Башкы катчынын орун басарынын милдетин аткаруучу Сакы Садыков 2024-жылдын 14-15-мартында Баку шаарындагы "AДА" университетинде өткөн "Түрк дүйнөсүнүн тарыхый жана маданий мурастарын ЮНЕСКОнун көз карашы менен изилдөө жана сактоо" конференциясына катышты.

Конференцияны Азербайжан Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясы, Түркиянын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясы, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду жана "AДА" университетинин Өнүгүү жана дипломатия институту биргелешип уюштурушкан.

Түрк дүйнөсүнүн тарыхый жана маданий мурастарын изилдөө жана сактоого арналган эки күндүк иш-чарага түрк кызматташтык уюмдарынын, түрк мамлекеттердин ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссияларынын жана эл аралык уюмдардын, түрк мамлекеттердин маданият министрликтеринин маданий мурас бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, окумуштуулар, академиктер, ошондой эле түрк маданий мурасы боюнча адистешкен эксперттер катышты.

Конференциянын жүрүшүндө куттуктоо жана ачылыш сөздөрү менен катар тематикалык сессиялар жана тегерек столдор өткөрүлдү. Катышуучулар түрк мамлекеттердин өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн түрктөрдүн тарыхый-маданий мурастарын сактоо жана зарыл механизмдерди түзүүгө колдоо көрсөтүү жаатында кызматташуусунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Конференциянын ачылышына Азербайжан Республикасынын Маданият министри Адил Каримли, Түрк мамлекеттердин уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысы Султан Раев, Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президенти Актоты Раимкулова, Түрк академиясынын Президенти Шахин Мустафаев, Түркиянын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Ожал Огуз, Ататүрк атындагы Маданият, тил жана тарых боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасы Деря Өрс, Азербайжан Республикасынын Туризм боюнча мамлекеттик агенттигинин Төрагасы Фуад Нагиев, "Ичеришехер" мамлекеттик тарыхый-архитектуралык коругунун башкармалыгынын төрагасы Шахин Сейидзаде, жана ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын президенти Симона-Мирела Мичулеску видео кайрылуу аркылуу сөз сүйлөштү.

Конференцияда Башкы катчынын орун басарынын милдетин аткаруучу Сакы Садыков да сөз сүйлөдү. Сакы Садыков өз сөзүндө азыркы ааламдашуу доорунда түрктөрдүн маданий мурастарын, айрыкча көчмөндөр цивилизациясынын өзөгүн түзгөн, жоголуп бара жаткан каада-салттарды жана үрп-адаттарды сактоо жана жайылтуу маанилүү экенине токтолду. Ал “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын” түрк дүйнөсүнүн көчмөн элдерине таандык бардык руханий, маданий жана тарыхый каада-салттарды камтыган масштабдуу тарыхый окуя катары эске салды. Ал кошумчалагандай, биргелешкен аракет жана өз ара колдоо көрсөтүү жолу менен түрк дүйнөсү бул баалуу мурасты сактап, келечек муундарга өткөрүп бере алат.

Иш-чаранын алкагында түрколог түрк окумуштуусу Махмуд Кашгари тарабынан 1072–74-жылдары түзүлгөн "Диван Лугат ат-Түрк" түрк диалектилеринин жыйнагынын 950 жылдыгы жылдыгына арналган Азербайжандын Улуттук илимдер академиясынын көргөзмөсү да уюштурулду.