“Парламенттердин илимий-техникалык өнүгүүдөгү ролу“ деген темада семинар өттү
2024-жылдын, 14 февраль

2024-жылдын 14-февралында ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын алкагында “ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердеги илимий-техникалык өнүгүүлөрдөгү парламенттердин ролу жана мыйзамдык колдоо” деген темада онлайн форматта семинар болуп өттү.

Семинарга мүчө парламенттердин эксперттери, тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана илимпоздор, ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрү катышты.

Ачылыш сөзүндө Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар комиссиясынын Төрагасы, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Осман Местен бюджетти бөлүштүрүү жанаи көзөмөлдөөдө, билим берүү инфраструктурасын түзүүдө, ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизген илимий-техникалык өнүгүүлөргө стимулдарды жана колдоо көрсөтүүдө парламенттердин ролун баса белгиледи. Ачылыш аземинде Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин өкүлдөрү Асылхан Бибосынов жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кубанычбек Мураталиев сөз сүйлөштү. Семинарда сүйлөнгөн сөздөрдө жана отчеттордо илим менен техниканын өнүгүүсүн мыйзамдар аркылуу колдоододогу парламенттердин ролу каралды. Мындан тышкары, катышуучулар илимий-техникалык прогресске негизделген жана “Индустриалдык 4.0” менен байланышкан “Коом 5.0” концепциясын да карап чыгышты. Парламенттер жасалма интеллектти колдонуу багыттарынын бири экени баса белгиленди.

Комиссиянын катчысы Кадир Яман алып барган семинар жыйынтыктоочу баа берүү менен аяктады.