ТҮРКПАнын Миссиясы Азербайжандагы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого байкоо жүргүздү
2024-жылдын, 7 февраль

Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы Азербайжанда 2024-жылдын 7-февралында болуп өткөн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого байкоо жүргүздү. ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын Төрагасы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Осман Местен жетектеген миссиянын курамына Казакстан, Кыргызстан жана Түркия парламенттеринин депутаттары, ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрү кирген.

Миссия Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова, Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Төрагасы Мазахир Панахов менен жолугушууларды өткөрдү.

Добуш берүү күнү ТҮРКПАнын Миссиясы Баку, Шуша жана Ханкенди шаарларындагы шайлоо участкаларында болуп, өлкөнүн бошотулган аймактарында да шайлоого байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Миссиянын ишмердиги шайлоо процессинин шайлоо участокторун ачуудан баштап добуштарды саноого чейинки бардык этаптарын камтыган. Миссия шайлоо процессине байкоо жүргүзүп, шайлоочулар, жергиликтүү байкоочулар жана жергиликтүү шайлоо участкаларынын кызматкерлери менен баарлашты. Миссиянын мүчөлөрү жергиликтүү маалымат каражаттарына интервью беришти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча, шайлоого шайлоочулардын катышуусу 76,73%ды түздү. БШК шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялап, Ильхам Алиев мырза шайлоодо болжол менен 92,10% добуш менен жеңди деп билдирди.

Эртеси күнү Миссия өзүнүн байкоосунун алдын ала жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Миссия 2024-жылдын 7-февралында Азербайжан Республикасындагы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо улуттук мыйзамдарга жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өттү деген корутунду чыгарды.

Программанын алкагында делегациялар ТҮРКПАнын Катчылыгына да барышты. Миссиянын мүчөлөрү Азербайжанга сапарынын алкагында бошотулган аймактардагы Чыдыр Дүзү, Шуша чебинин дубалдары жана Саатлы мечити сыяктуу тарыхый мааниге ээ жерлерге баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.