ТҮРКПА АПАнын 14-пленардык отурумуна катышты
2024-жылдын, 22 февраль

2024-жылдын 22-февралында ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр жетектеген делегация Азербайжан Республикасынын Милли Межлиси тарабынан Баку шаарында уюштурулган Азия Парламенттик Ассамблеясынын (АПА) “Азияда туруктуу өнүгүү үчүн регионалдык кызматташтыкты илгерилетүү” темасындагы 14-пленардык отурумуна катышты.

Отурумга 40 өлкөнүн парламенттик делегациялары, анын ичинде 10 өлкөнүн парламент башчылары катышты.

АПАнын Башкы катчысы Мохаммад Реза Мажиди, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова, Бахрейндин Өкүлдөр Кеңешинин Төрагасы Ахмед Альмусалам, Ирактын Өкүлдөр Кеңешинин Төрагасы Мохсин Али Акбар Аль-Мандалави, Мальдив Элдик Межлисинин Төрагасы Мохамед Аслам, Шри-Ланка парламентинин Төрагасы Махинда Япа Абейвардана, Намояндагон Мажлиси Оли Мажлисинин Төрагасы Махмадтоир Зокирзода, Таиланддын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы, Өкүлдөр Палатасынын Төрагасы Ван Мухамад Нур Мата, Омандын Шура Кеңешинин Төрагасы Халид Хилал Насер Аль Маавали, Бириккен Араб Эмираттарынын Федералдык Улуттук Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары Тарик Хумейд Матар Мохд Алтайер, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасынын биринчи орун басары Содик Сафоев, Палестинанын Улуттук Кеңешинин Төрагасынын орун басары Али Ахмад Файсал, Катардын Шура Кеңешинин Төрагасынын орун басары Хамда Хасан Аль-Сулайти, Орусия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасынын орун басары Петр Толстой жыйындын ачылышында сөз сүйлөдү.

Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы тилектештикти жана кызматташтыкты камсыздай турган маанилүү жыйынтыктарга үмүт арткан Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш мырза Түркиянын 2017-жылдан бери аркалап келе жаткан АПАдагы төрагалыгын Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова айымга өткөрүп берди.

Отурум АПАнын туруктуу комиссияларынын жыйындары менен улантылды.

Иш-чарада ошондой эле Баку декларациясы жана 14-пленардык отурумдун жыйынтыктоочу отчету кабыл алынды.