ТҮРКПАнын IX пленардык жыйыны
2019-жылдын, 18 декабрь
Баку

2019-жылдын 18-декабрында Бакыда, Азербайжан Республикасынын Милли Меджилисинин уюштуруусу менен ТҮРКПАнын тогузунчу пленардык жыйыны болуп өттү. Отурумдун темасы “Түрк дүйнөсүндөгү парламенттик дипломатия: тынчттык жана коопсуздук боюнча аймактык кызматташтыкты бекемдөөдө” деп аталды.

Жыйынга Азербайжан Республикасынын Милли Меджилисинин Спикери, ТҮРКПАнын мөөнөттөгү Төрагасы Октай Асадов, Казакстан Республикасынын Парламент Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилиси Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева конок катары катышты. Отурумга парламенттик делегациялар Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык институттарынын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар катышты. Атап айтсак Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши (ТТМК), ТҮРКСОЙ, Эл аралык түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду, Кара деңиз экономикалык кызматташтык Парламенттик Ассамблеясы (КЭКПА), ошондой эле ИКУга мүчө-мамлекеттердин Парламенттик биримдиги (ПУИК), КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясы (КМШ ПАА), ГУАМ жана түрк дүйнөсүнүн аялдар аянтчасы.

Октай Асадов өз сөзүндө ТҮРКПА таасирдүү уюмга айланганын белгилеп өттү жана Ассамблея алкагында кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өткөн убакыт аралыгында ТҮРКПА көптөгөн ийгиликтерди багындырганын белгилеген Нурлан Нигматулин Түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда байланыштарды өркүндөтүүдө, моделдик мыйзамдар өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп өттү. Төрага КЕКПАга ТҮРКПАда байкоочу макамынын берилишин оң баалады жана жакынкы аралыкта Өзбекстан ТҮРКПАга кошулат деген ишенимин билдирди.

Дастанбек Жумабеков заманбап жашоодогу парламенттик дипломатиянын маанисине токтолуп, актуалдуу маселелерди жана көйгөйлөрдү чечүүдө ТҮРКПАнын ордун баса белгиледи.

Ассамблеянын алкагында аткарылган иштерге оң баасын берген Мустафа Шентоп жыйын катышуучуларын келе жаткан жылы боло турган Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын 100 жылдык мааракесине катышууга чакырды.

Ал эми Танзила Нарбаева Өзбекстан түрк тилдүү өлкөлөр менен парламенттер аралык байланышты өнүктүрүүгө өзгөчө маани бере тургандыгын баса белгиледи жана Өзбекстан парламенти 2019-жылдын 22-декабрындагы парламенттик шайлоодон соң ТҮРКПАга кошулуу үчүн баардык зарыл болгон чараларды көрөөрүн билдирди.

Жыйындын күн тартиби комиссия жыйындарынын соңку баяндамалары менен сунуштамаларын, Казакстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн Президенттик шайлоо боюнча эл аралык байкоочулар миссиясынын отчетун, кайра кароодон өткөн укуктук документтер атап айтсак ТҮРКПАнын регламенти менен эрежелердин жол жобосун, ошону менен бирге шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча жобону өз ичине камтыган. Пленардык жыйында биринчи жолу “материалдык эмес маданий мурастарды коргоо” жана “Туризм” боюнча моделдик мыйзам талкууланып, соңунда кабыл алынды. Ошондой эле аял парламентарийлер менен жаш парламентарийлердин тобун түзүү боюнча чечим кабыл алынды.

Ал эми ТҮРКПАнын кезектеги онунчу пленардык жыйынын 2020-жылы Казакстанда өткөрүү чечилсе, жыйындын аягында тогузунчу пленардык отурумдун корутунду документи катары Бакы декларациясы кабыл алынды.

Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев ТҮРКПАнын тогузунчу пленардык жыйынынын алкагында парламенттик делегациялардын башчыларын кабыл алды. Ошондой эле бул күндөрү парламент Төрагалары да эки тараптуу жолугушууларды өткөрүштү.

Декларация