ТҮРКПА Нури Пашага арналган эскерүү иш-чарасын уюштурду
2024-жылдын, 3 март

2024-жылдын 3-мартында ТҮРКПА Баку шаарында “Кавказ ислам армиясынын колбашчысы, “Бакунун куткаруучусу” Нури Пашанын түбөлүккө кетишинин 75 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасын уюштурду.

Иш-чарага парламентарийлер, түрк мамлекеттердин элчилери жана дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү, түрк дүйнөсүнүн улуу инсаны Нури Пашанын өмүрүн жана ишмердүүлүгүн изилдеген көрүнүктүү окумуштуу изилдөөчүлөр жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Иш-чараны ачкан Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр катышуучуларды куттуктады. Ал белгилегендей, бул иш-чара Нури Пашанын инсандыгы жана мурасы, анын доорундагы тарыхый процесстер тууралуу көбүрөөк маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Башкы катчы Нури Паша жетекчилиги астында Кавказ ислам армиясынын Азербайжанда көрсөткөн эрдигине токтолуп, Бакунун бошотулушу татаал тарыхый жана саясий мезгилге туш келгендигин жана, албетте, Азербайжан мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусунун тарыхында маанилүү роль ойногон чоң баалуу окуя болгонун баса белгиледи. Нури Паша жана Кавказ ислам армиясы эрки жана эрдиги менен жүрөктөрдү багындырып, азербайжан-түрк боордоштугунун дагы бир мисалын тарыхка алтын тамгалар менен киргизишти. Нури Паша сыяктуу баалуу мурастарды сактап калуу жана кийинки муундарга өткөрүп берүү түрк дүйнөсүнүн келечеги үчүн жасалган курмандыктарды жана көрсөткөн эрдиктерди түбөлүккө эскерүү, ошондой эле жаштарды мекенчилдик жана өз тамырына берилгендик рухунда тарбиялоо жагынан маанилүү роль ойногонун белгиледи.

Башкы катчы 44 күнгө созулган Ата Мекендик согуш эки элдин бекем боордоштук байланыштарын дүйнөгө дагы бир жолу көрсөткөнүн, Азербайжандын жеңиши бүткүл түрк дүйнөсүнүн жеңиши экендигин баса белгиледи. Кавказ ислам армиясынын шейиттеринин, алардын ичинде Нури Пашанын жана мекени үчүн жанын берген бардык уул-кыздардын рухтары шаттанганына ишенимин билдирди.

Иш-чаранын программасында Нури Пашанын жашоосундагы тарыхый фактылар жана Кавказ ислам армиясынын ишмердүүлүгү тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Түркия Республикасынын Президентинин Башкы кеңешчиси Ялчын Топчунун иш-чаранын катышуучуларына кайрылуусун окуп берди. Улуттук идеалга [millî mefkûre] берилгендиги менен белгилүү болгон маданият жана саясат адамы Топчу мырза, Президенттин учурдагы Башкы кеңешчиси болуп дайындалганга чейин Түркия Республикасынын 63-Өкмөтү учурунда көз карандысыз Маданият жана туризм министри болгон.

Иш-чараны “Шарг” гезитинин башкы редактору, эмгек сиңирген журналист Акиф Ашырлы алып барды. Мамлекеттик ишмер, Түрк мамлекеттердин уюмунун Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Хасан Хасанов, ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар комиссиясынын Төрагасы, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Осман Местен, ТҮРКПАнын Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын мүчөсү, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин мүчөсү Хикмат Мамедов, ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар комиссиясынын мүчөсү, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Филиз Кылыч, ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын мүчөсү, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин мүчөсү Малахат Ибрахимгызы, Түркия Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Жахит Багжы, академик Неждет Каракөсе, Улуттук коргоо университетинин профессору Мехман Сулейманов, Баку мамлекеттик университетинин профессору Насиман Ягублу, Азербайжан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын бөлүм башчысы Фирдовсия Ахмадова, Азербайжандын Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун бөлүм башчысы Камран Исмаилов, Стамбул соода университетинин ректору Абдулхамит Авшар, академик Минаханым Асадова, академик Тельман Нусратоглу, Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын Философия жана социология институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Фаиг Алакбарли жана Заманбап өнүгүү союзунун төрагасы, Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын бөлүм башчысы Мүбариз Гөйүшлү иш-чарада сөз сүйлөдү.

Катышуучулар Нури Пашанын өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу баалуу маалыматтар жана тарыхый фактылар менен бөлүшүшүп, улуу колбашчынын жетекчилигиндеги Кавказ ислам армиясынын эрдиктери менен баатырдыктарынын тарыхый маанисине токтолушту.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар Акиф Ашырлынын чогулткан коллекциясы камтылган фотокөргөзмөдө Нури Пашанын өмүрү жана ишмердигине байланыштуу сүрөт жана документтер менен таанышышты.