Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын уюштуруусунда ТҮРКПАнын oн экинчи пленардык отуруму болуп өттү
2023-жылдын, 28 апрель

2023-жылдын 28-апрелинде Анкара шаарында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын уюштуруусунда ТҮРКПАнын Он экинчи пленардык отуруму болуп өттү. Пленардык отурум “Адилеттүү дүйнө үчүн парламенттик дипломатия: энергетика, миграция, азык-түлүк” деген тема астында өткөн.

ТҮРКПАнын Төрагасы, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп ачылыш сөзүн сүйлөдү. Пленардык отурумда мүчө парламенттердин башчылары – Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев, ошондой эле Венгриянын Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары Шандор Лежак жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Парламентинин Төрагасы Зорлу Төре байкоочу катары, Түркмөнстан Межлисинин Төрайымы Дүньягөзал Гулманова конок катары сөз сүйлөштү. Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева Пленардык отурумда видеокайрылуу аркылуу сөз сүйлөдү.

Иш-чарага парламенттик делегациялар, ошндой эле Түрк мамлекеттердин уюму (ТМУ), Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ), Эл аралык түрк академиясы, Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фонду, Кара деңиз экономикалык кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясы (КДЭКУПА), ИКУга мүчө мамлекеттердин Парламенттик Биримдиги (ИКУПА), Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме (АӨИЧК), Эл аралык парламентарийлер конгресси (ЭПК), Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдиги, Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдиги сыяктуу түрк кызматташтык уюмдарынын, байкоочу уюмдардын жана мекемелердин башчылары жана өкүлдөрү катышты.

Отурумдун күн тартибине туруктуу комиссиялардын отчетторун жана сунуштамаларын, “Трансчек аралык жогорку билим берүү жөнүндө”, “Санариптик финансылык активдер жөнүндө” жана “Репродуктивдүү ден соолукту коргоо жөнүндө” моделдик мыйзамдарды, Ассамблеянын корутунду отчетторун, Ассамблеянын шайлоого байкоо жүргүзүү миссияларынын корутунду отчетторун кароо жана кабыл алуу жана туруктуу комиссиялардын төрагаларын жана төрагалардын орун басарларын шайлоо кирген. Пленардык отурумдун жүрүшүндө Ассамблеянын Аял парламентарийлер тобу жана Жаш парламентарийлер тобу өз сунуштамаларын беришти.

Он үчүнчү пленардык отурумду 2024-жылы Азербайжанда өткөрүү чечими кабыл алынды. Он экинчи пленардык отурум Анкара декларациясын кабыл алуу менен аяктады.

Иш-чара пресс-брифинг менен коштолуп, анда мүчө парламенттердин башчылары Он экинчи пленардык отурумдун жыйынтыктарын чыгарышты.

Жаңылыктардын тартиптелиши
Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын уюштуруусунда ТҮРКПАнын oн экинчи пленардык отуруму болуп өттү
2023-жылдын, 28 апрель
(Бул баракчадагы жаңылык)