ТҮРКПА Кошулбоо кыймылынын Парламенттик тармагынын 3-конференциясына катышты
2024-жылдын, 25 март

2024-жылдын 25-мартында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр жана Айлана-чѳйрѳ, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянын катчысы Айнура Абуталибова Швейцариянын Женева шаарында өткөн Кошулбоо кыймылынын Парламенттик тармагынын үчүнчү конференциясына катышты.

Иш-чара Парламенттер аралык биримдиктин (ПАБ) 148-Ассамблеясынын алкагында “Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө парламенттик аракеттерди жандандыруу” темасынын алдында өттү. Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафарованын жетекчилиги астында өткөн жыйынга мүчө парламенттерден жана эл аралык уюмдардан 53 делегация катышты.

Өзүнүн ачылыш сөзүндө Парламент башчысы тармак барган сайын өсүп, анын катарына жаңы мүчөлөр кошулуп жатканын баса белгиледи. Ал белгилегендей, Парламенттик Тармак Кошулбоо кыймылына мүчө парламенттердин жарымынан көбүн түзүүдү, ал эми бул ККнын мүчө парламенттер ортосундагы тилектештикти жана кызматташтыкты чыңдоого умтулуусун, ошондой эле КК баалуулуктарын жана принциптерин илгерилетүүгө болгон умтулуусун көрсөтөт.

Иш-чара мүчө-парламенттердин жана өнөктөш уюмдардын делегация башчыларынын баяндамалары жана пикир алмашуусу менен уланды. Катышуучулар климаттын өзгөрүүсүнүн көйгөйлөрүн чечүү багытында парламенттик ишмердүүлүктүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Конференциянын жүрүшүндө Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр да сөз сүйлөдү. Башкы катчы конференция глобалдык парламенттик дипломатиянын жолунда көп тараптуу мамилелерди кеңейтүү менен бирге Уюмдун эл аралык аянтчадагы аброюн мындан ары да бекемдейт деген ишенимин билдирди. Ал конференцияда актуалдуу жана маанилүү глобалдык көйгөйлөргө маани берилип жатканын баса белгиледи.

Ал климаттын өзгөрүшүнүн глобалдуу мүнөзүнө токтолуп, анын кесепеттери менен күрөшүү үчүн биргелешкен аракеттерди жасоо зарылдыгын, ал эми өз кезегинде ТҮРКПАга мүчө-мамлекеттер бул аракеттерге кошулган өлкөлөр катары Уюмдун алкагында кызматташуу процессинде экологиялык көйгөйлөрдү чечүү маселелерине жетиштүү көңүл буруп келишет.

Башкы катчы ТҮРКПА менен Кошулбоо Кыймылынын Парламенттик тармагынын ортосундагы түзүлгөн кызматташтыкка токтолуп, бул контекстте эки уюмдун ортосундагы акыркы жылдардагы өз ара аракеттенүүсү кызматташтыктын сапаттык жаңы деңгээлге өтүүсүнө өбөлгө түзгөнүн баса белгиледи.

Конференциянын жүрүшүндө ТҮРКПА КК ПТда байкоочу статусун алды.

Иш-чара Женева декларациясынын кабыл алынышы менен аяктады.

ПАБдын 148-Ассамблеясынын алкагында ПАБ менен КК ПТнын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Жаңылыктардын тартиптелиши
ТҮРКПА Кошулбоо кыймылынын Парламенттик тармагынын 3-конференциясына катышты
2024-жылдын, 25 март
(Бул баракчадагы жаңылык)