ТҮРКПА ПААнын 148-Ассамблеясына катышты
2024-жылдын, 23 март

Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр жана Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянын катчысы Айнура Абуталибова 2024-жылдын 23-27-мартында Швейцариянын Женева шаарында өткөн Парламенттер аралык биримдиктин (ПАБ) 148-Ассамблеясына жана тиешелүү жыйындарга байкоочу катары катышты.

148-Ассамблеяга 140тан ашуун өлкөнүн парламентарийлери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында ПАБдын бардык уставдык органдары, анын ичинде Жетектөөчү Кеңеш, Туруктуу комитеттер, Парламентарийлердин Адам укуктары жана Жакынкы Чыгыш иштери боюнча комитеттери, ошондой эле Аял парламентарийлердин форуму жана Жаш парламентарийлердин форуму чогулушту.

Ассамблея ПАБдын Президенти Тулия Аксондун жана ПАБдын Башкы катчысы Мартин Чунгонгдун куттуктоо сөздөрү менен ачылды. Парламент спикерлеринин жогорку деңгээлдеги сегментинин жүрүшүндө ТҮРКПАга мүчө парламенттердин башчылары – Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов сөз сүйлөштү.

Жалпы талкуулар “Парламенттик дипломатия: тынчтыкка жана өз ара түшүнүшүүгө көпүрө куруу” деген жалпы темага арналган. Парламентарийлер дуйнөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүү маселелерин талкуулашты.

Ассамблея "Автономиялык курал системаларынын жана жасалма интеллекттин социалдык жана гуманитардык кесепеттерин жоюу" деп аталган Тынчтык жана эл аралык коопсуздук боюнча туруктуу комитет жана "Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча өнөктөштүк: жашыл энергияга жеткиликтүүлүктүү кылууга көмөктөшүү жана инновацияларды, жоопкерчиликти жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу" аттуу туруктуу өнүктүрүү боюнча туруктуу комитет тарабынан каралган өзгөчө маселелер жана тематикалык маселелер боюнча токтомдорду кабыл алды.

Ассамблея жалпы талкуулардын корутунду документин кабыл алуу менен аяктады. ПАБдын 148-Ассамблеясынын эн жаш эки депутаты Намибиядан Эмма Мутека жана Таиланддан Акара Тхонжайсод Ассамблеянын корутунду декларациясын окуп беришти.