КДЭКУПА Башкы Ассамблеясынын 63-пленардык отуруму
2024-жылдын, 14 май
Тирана, Албания

2024-жылдын 14-майынан 15-майына чейин Албаниянын Тирана шаарында КДЭКУПАнын Башкы Ассамблеясынын 63-пленардык отуруму өтөт.

Башкы Ассамблеянын күн тартибинин долбоорунда камтылган негизги маселелер: “Коопсуздуктун жалпы чакырыктарына туш болгон региондук экономикалык кызматташтыкты чыңдоо”, “Энергия соодасы боюнча КДЭК мүчө мамлекеттеринин кызматташтыгы”, “Маданияттар аралык диалогду жана жек көрүүчүлүккө каршы күрөштө толеранттуулукту илгерилетүүдөгү парламенттердин ролу”, “КДЭК Регионундагы инновациялар жана гүлдөп өнүгүү үчүн адамдык капиталга инвестиция тартуу”.