2024-жылдын 16-майында Түркмөнстандын Ашхабад шаарында ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссияларынын 10-отуруму өтөт. Отурум ачылыш аземинен, пленардык отурумдан жана Бүткүл дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастарын, материалдык эмес маданий мурастарды жана билим берүү тармагында кызматташуунун конкреттүү темасына арналган үч негизги семинардан турат.