2024-жылдын 22-25-апрелинде Швейцариянын Женева шаарында Түрк жумалыгы өтөт. Иш-чаранын алкагында “Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн жаңы оюнчу катары Түрк мамлекеттеринин уюму” конференциясы жана “Мурасы менен бириккендер, аракетке карай алдыга: Туруктуу инновация жана биримдик үчүн түрк кызматташтыгы“ аттуу биргелешкен конференциясы өткөрүлүшү пландалууда.
Демилге түрк элдеринин бай маданий мурасын жайылтуу жана эл аралык диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
22-25-апрель күндөрү Женевада өтүүчү Түрк жумалыгына кошулуңуз!
Иш-чарага катталуу үчүн төмөнкү линкти басыңыз: