Thursday, 09 February 2023, 12:29:10 — Baku (UTC+4)
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА миссиясы президенттикке талапкерлер менен жолугушту

Казакстандагы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү программасынын алкагында ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы президенттикке талапкерлер жана талапкерлердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Миссиянын мүчөлөрү талапкерлердин шайлоо алдындагы платформалары, үгүт иштери жана 2022-жылдын 20-ноябрында өтө турган мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодон күтүүлөрү тууралуу маалымат алышты.