Friday, 09 December 2022, 02:20:05 — Baku (UTC+4)
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы

Азербайжан-Армения чек арасындагы акыркы кырдаалга байланыштуу Катчылыктын билдирүүсү

Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын Катчылыгы армян куралдуу күчтөрүнүн Азербайжан-Армения мамлекеттик чек арасынын Дашкесен, Калбажар жана Лачын багыттарында адамдардын өлүмүнө жана жарааттарына алып келген аскердик провокациясына байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет жана кескин айыптайт.

Эл аралык укуктун нормаларына жана принциптерине берилгендигин жана боордош Азербайжандын эл аралык коомчулук тарабынан таанылган чек араларынын кол тийбестигин жана аймактык бүтүндүгүн бекем колдоорун ырастап, ТҮРКПА Түштүк Кавказда туруктуу тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн Азербайжан менен Армениянын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу аракетинин маанилүүлүгүн баса белгилейт.

Катчылык шейиттердин үй-бүлөлөрүнө жана боордош Азербайжан элине көңүл айтып, шейиттердин жаткан жерлеринин жайлуу болушун, ал эми жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайт.