Friday, 09 December 2022, 02:15:17 — Baku (UTC+4)
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы

Лачын шаарынын жана Забух менен Сус айылдарынын Азербайжанга кайтарылышына байланыштуу билдирүү

Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Катчылыгы 2020-жылдын 10-ноябрындагы үч тараптуу билдирүүнүн жоболоруна ылайык жүрүп жаткан процесстин алкагында Лачын шаарынын жана Забух менен Сус айылдарынын Азербайжанга кайтарылышын кубаттайт.

ТҮРКПА боордош Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн колдоорун ырастап, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу боюнча аракеттерди колдоорун билдирет жана бул өнүгүү Түштүк Кавказда туруктуу тынчтыкка, туруктуулукка жана туруктуу өнүгүүгө жетишүүгө салым кошот деп эсептейт.