Friday, 09 December 2022, 02:03:15 — Baku (UTC+4)
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы

Комиссиянын катчысы Комиссиянын жыйынына даярдык көрүү алкагында Нур-Султан шаарында жолугушууларды өткөрдү

2022-жылдын 4-5-августунда Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын катчысы Бауыржан Даткаев мырза Нур-Султан шаарынын аткаруу бийлигинин өкүлдөрү менен Комиссиянын Кыргызстанда өтө турган кезектеги жыйынына даярдык көрүү максатында жолугушууларды өткөрдү.

Комиссиянын катчысы Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасынын орун басары Бакытжан Слямов мырза менен жолугушту. Тараптар комиссиянын кезектеги отурумунун темасы ТҮРКПА регионундагы транзиттик коридорлорду өнүктүрүү маселеси боюнча пикир алмашышты.

Даткаев мырза ошондой эле Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинин департаментинин мүдүрү Эрик Жамбылов мырза менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өткөн ТҮРКПАнын 11-пленардык отурумунда кабыл алынган Стратегиялык жол картасын ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттерге байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Тараптар мындан ары да тыгыз байланыштарды өнүктүрүүгө макулдашышты.