Friday, 09 December 2022, 03:49:23 — Baku (UTC+4)
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА АӨИЧК Жаштар кеңешинин бешинчи отурумуна катышты

2022-жылдын 14-июлунда ТҮРКПАнын Жаш парламентарийлер тобунун Аткаруучу катчысы Элай Панахлы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин (АӨИЧК) Жаштар кеңешинин бешинчи отурумуна катышты.

Иш-чара Нур-Султан шаарында гибрид форматында өтүп, ага АӨИЧКнын Аткаруучу директору Кайрат Сарыбай мырза, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин депутаты Елдос Абаканов мырза, Елдос Абаканов, Казакстан Республикасы Парламентинин Мажилисинин депутаты, Казакстан Республикасынын Маалымат жана социалдык өнүктүрүү Вице-министри Александр Данилов мырза, Назарбаев Университетинин Вице-президенти Кадиша Даирова айым, жаштар кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле АӨИЧКнын байкоочу жана өнөктөш уюмдарынын, жаштар уюмдарынын жана ассоциацияларынын өкүлдөрү катышышты.

Пленардык жана панелдик сессиялардын жүрүшүндө жаштар жана студенттерди алмашуу программалары, жаштар арасында суициддин жана баңгиликтин алдын алуу, ал эми жаштар уюмдарынын арасында жаштарды жана жаш парламентарийлерди өнүктүрүү жана кызматташтыкты өнүктүрүү сыяктуу маселелер талкууланды.

Иш-чарада Элай Панахлы айым сөз сүйлөп, Ассамблеянын Жаш парламентарийлер тобунун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди.