Friday, 09 December 2022, 03:44:04 — Baku (UTC+4)
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА ЕККУ ПАнын 29-жылдык жыйынына катышты

2022-жылдын 2-6-июлунда Башкы катчынын орун басары Фуад Алакбаров Бирмингем шаарында Улуу Британиянын Парламентинин уюштуруусунда өткөрүлгөн ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын 29-жылдык отурумуна катышты. Жыйынга ЕККУ ПАнын мүчөлөрүнөн 250 парламентарий катышты. Ассамблеянын отуруму үч пленардык сессияны, туруктуу, жалпы жана атайын комитеттердин жыйындарын, атайын өкүлдөрдүн баяндамаларын жана бюронун жыйналыштарын, ошондой эле көптөгөн эки тараптуу жолугушууларды жана параллелдик иш-чараларды камтыган.

Отурумдун ачылышы ЕККУнун лидерлеринин жана кабыл алуучу тараптын расмий өкүлдөрүнүн сөз сүйлөөлөрү менен коштолду. ЕККУ ПАнын Төрайымы Маргарета Седерфелт, Улуу Британиянын ЕККУ ПАдагы делегациясынын башчысы Жон Уиттингдейл, Түштүк жана Борбордук Азия, Түндүк Африка, БУУ, Шериктештик жана ЕККУ иштери боюнча мамлекеттик министр Уимблдондук Лорд Тариг Ахмад, УБ Эл өкүлдөр палатасынын спикери сэр Линдси Хойл ачылыш сөзүн сүйлөдү.

ТҮРКПА ошондой эле Азербайжан жана Казакстандын ЕККУ ПАдагы делегацияларынын уюштуруусунда болуп өткөн «Жибек Жолу тобунун 7-жыйыны» жана «Өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө жаңы Казакстанды түзүү жана заманбап чакырыктар» темалары боюнча эки кошумча иш-чарага катышты.

Интенсивдүү дебаттардан кийин Ассамблея Бирмингем декларациясын кабыл алды.

ТҮРКПА ЕККУ ПАнын иш-чараларына дайыма конок катары катышып келет.