Friday, 09 December 2022, 03:05:15 — Baku (UTC+4)
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы

Баш катчы Кошулбоо Кыймылынын Парламенттик тармагынын Баку конференциясына катышты

2022-жылдын 30-июнунда Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Азербайжандын Баку шаарында, Гейдар Алиев борборунда болуп өткөн Кошулбоо Кыймылынын Парламенттик тармагынын Баку конференциясына катышты.

Конференцияга катышкан Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев мырза иш-чарада сөз сүйлөдү.

Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова айым да иш-чаранын жүрүшүндө сөз сүйлөп, конференциянын күн тартиби жөнүндө катышуучуларга маалымат берди.

Конференцияда Баку декларациясы жана Кошулбоо Кыймылынын Парламенттик тармагынын ишинин тартиби жөнүндө жобо кабыл алынып, уюмдун расмий логотипи жана желеги бекитилип, тармактын төрагасы жана орун басарлары шайланды.

2022-жылдын 1-июлунда конференциянын жүрүшүндө Башкы катчы “Глобалдык тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү колдоодо улуттук парламенттердин ролун жогорулатуу” темасына байланыштуу сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө Башкы катчы биздин заманбап дүйнөбүздө парламенттик дипломатиянын өсүп жаткан ролу, ошондой эле дүйнөдө тынчтыкка жана туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн парламенттер аралык ассамблеялардын алкагындагы парламенттик кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн маанилүү ролуна токтолду.

Конференцияга 40тан ашык өлкөнүн парламенттик делегациялары жана 9 эл аралык парламенттик уюмдун өкүлдөрү катышты.

Кошулбоо Кыймылынын Парламенттик тармагынын Баку конференциясынын катышуучулары Азербайжандын бошотулган аймактарына, анын ичинде маданий борбору Шушага барып, кайра куруу жана көрктөндүрүү иштери менен таанышат.