Friday, 09 December 2022, 03:32:26 — Baku (UTC+4)
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы

Катчылыкка IRCICAнын Башкы директору келди

2022-жылдын 29-июнунда Ислам тарыхын, искусствосун жана маданиятын изилдөө борборунун (IRCICA) Башкы директору, элчи, профессор, доктор Махмуд Эрол Кылыч Катчылыкка келип, Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр менен жолугушту.

Жолугушууда ТҮРКПА менен IRCICA ортосундагы түрдүү тармактарда кызматташуу маселелери талкууланды.