Tuesday, 16 August 2022, 20:37:59 — Baku (UTC+4)
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПАнын референдумга байкоо жүргүзүү миссиясы Казакстандагы референдумга байкоо жүргүздү

2022-жылдын 5-июнунда ТҮРКПАнын Референдумга байкоо жүргүзүү миссиясы (РБМ) добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн Нур-Султан шаарындагы бир катар шайлоо участкаларында болду. Миссия шайлоо процессинин бардык этаптарында байкоо жүргузүп, добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салып, шайлоо участкаларындагы кызматкерлер жана жергиликтүү байкоочулар менен жеринде баарлашты. Байкоочулар шайлоо участкаларынын ачылыш жана жабылыш процессине да катышышты.

Ушул эле күнү Миссия КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын Референдумга байкоо жүргүзүү миссиясы менен жолугушту. Миссиялар референдумга байкоо жүргүзүү процесси жана эки ассамблеянын ортосундагы кызматташтык боюнча пикир алмашышты.

Байкоо жүргүзүү программасынын алкагында Миссиянын мүчөлөрү жергиликтүү маалымат каражаттарына интервью беришти.

Эртеси күнү Миссия өзүнүн байкоо ишмердигинин алдын ала жыйынтыктары боюнча пресс-конференция өткөрдү. Миссиянын башчысы Режеп Шекер мырза референдумду өткөрүү боюнча органдардын ресурстар менен жакшы камсыз болгонун жана ишине профессионалдуу даярдалганын белгилеп, ММК өкүлдөрүнө ТҮРКПА Миссиясынын байкоо жүргүзүү ишмердиги тууралуу маалымат берди. Жалпысынан, байкоо жүргузүлгөн шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жүрүшү Миссия тарабынан оң бааланды. Борбордук референдум өткөрүү боюнча комиссиянын алдын ала маалыматы боюнча, референдумга шайлоочулардын катышуусу болжол менен 68,06 пайызды түзгөн, ал эми референдумду колдоо боюнча 77,18 пайызга жакын добуш берилген.

Миссия Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жалпы элдик референдум Казакстандын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык стандарттарга ылайык өттү деген натыйжага келди.

ТҮРКПАга учурдагы Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар