Tuesday, 16 August 2022, 20:42:43 — Baku (UTC+4)
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПАнын Миссиясы Казакстандын БРКнын Төрагасы менен жолугушту

2022-жылдын 4-июнунда ТҮРКПАнын Референдумга байкоо жүргүзүү миссиясы өзүнүн байкоо программасынын алкагында Казакстан Республикасынын Борбордук Референдум өткөрүү боюнча Комиссиясынын (БРК) Төрагасы Нурлан Абдиров мырза менен жолугушту.

Комиссиянын төрагасы ТҮРКПАнын байкоочуларына Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жалпы элдик референдумга даярдыктардын жүрүшү жана сунушталып жаткан түзөтүүлөрдүн негизги өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди. Абдиров мырза ошондой эле даярдыктардын материалдык-техникалык аспектилери, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу жаатында референдум өткөрүүгө жооптуу органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берди. Ал ТҮРКПАнын байкоочуларынын Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана референдумду өткөрүүгө байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Миссиянын мүчөлөрү референдумдун таза, эркин жана ачык-айкын өтүшүнө ийгиликтерди каалашты.

ТҮРКПАга учурдагы Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар