Tuesday, 16 August 2022, 19:54:32 — Baku (UTC+4)
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПАнын байкоочулары Казакстандын Парламентинин Сенатынын Төрагасынын орун басары менен жолугушту

2022-жылдын 3-июнунда Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Режеп Шекер мырза жетектеген ТҮРКПАнын Референдумга байкоо жүргүзүү боюнча миссиясы байкоо жүргүзүү программасынын алкагында Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасынын орун басары Аскар Шакиров мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Шакиров мырза ТҮРКПАнын РБМ тарабынан референдумга байкоо жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Байкоочуларга мамлекет башчысы тарабынан демилгеленген конституциялык реформанын негизги аспектилери жөнүндө кеңири маалымат берилип, буга байланыштуу жалпы элдик референдумду өткөрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Ошондой эле алдыдагы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумдун Казакстан элинин талаптары менен сунуштарынын негизинде өткөрүлө тургандыгы баса белгиленди.

Миссиянын мүчөлөрү референдумдун тарыхый маанисине токтолуп, добуш берүү процессинин жыйынтыктары өлкөнүн мындан аркы гүлдөп-өсүшүнө салым кошооруна ишенимдерин билдиришти.

ТҮРКПАга учурдагы Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар