Monday, 16 May 2022, 19:36:46 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА делегациясы Бишкектеги “Маариф” билим берүү комплексине барды

2022-жылдын 14-январында ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр жетектеген делегация Бишкектеги «Маариф» билим берүү комплексине барды. Иш сапарынын жүрүшүндө делегация комплекс менен таанышып, мектептин директору жана тиешелүү кызматкерлерден кеңири маалымат алды.

Башталгыч класстын окуучулары менен болгон баарлашуудан кийин Башкы катчы комплекстин жыйындар залында орто жана жогорку класстын окуучуларына кайрылды. Комплекске сапар жасоого кубанычтуу экенин билдирген Эр мырза, Түркиянын билим берүү тармагындагы тажрыйбасынан алынган «Маариф» билим берүү комплексинин эң жакшы мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Башкы катчы өз сөзүндө Түрк дүйнөсүнүн бакубаттуулугу жана туруктуу келечеги үчүн билимдин маанилүүлүгүн баса белгилеп, студенттерге бардык жакшылыктарды каалап, алардын бүткүл дүйнөдө тынчтык, бейпилдик жана илимдин өнүгүшүнө салым кошоруна ишенимин билдирди.

2021-жылы ачылган “Маариф” Билим берүү комплекси Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен саясат жана жол-жоболорго ылайык кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде сапаттуу билим берүүнү көздөйт. Комплекс студенттер үчүн заманбап талаптарга жооп берген үч өзүнчө имараттан турат. Балдар аянтчасы, спорт, музыка, этюд класстары, жыйындар залы, китепкана, илимий лабораториялары бар кампус 15 000 чарчы метр аянтты жана 11 000 чарчы метр жабык аянтты ээлейт.

Түркиянын терең тамырлуу билим берүү системасынын учурдагы лидери катары Маариф Фонду азыркы күндө 67 өлкөдө жөнөкөй билим берүү борборлорунан университеттерге чейин 418 мектеп жана жатаканасы менен 49 миң 823 студентке кызмат көрсөтүп келет. Кыргызстан Түркиянын «Маариф» фонду билим берүү мекемесин ачкан 46-өлкө. Фонд билим берүү дипломатиясынын кадамы катары Түркиянын сектордогу таасирин кеңейтүүнү көздөө менен бир нече жыл ичинде дүйнөлүк маанилүү брендге айланды жана Кыргызстандын ар кайсы шаарларында жана аймактагы башка өлкөлөрдө билим берүү мекемелерин ачуу боюнча аракеттерин улантууда.