Sunday, 22 May 2022, 23:54:06 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТДАИБ делегациясы ТҮРКПА Катчылыгына келди

2022-жылдын 13-январында Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында Түркиянын Айлана-чөйрөнү коргоо, урбанизация жана климаттын өзгөрүшү боюнча министринин орун басары жана Түрк дүйнөсүнүн архитекторлор жана инженерлер биримдигинин (ТДАИБ) Башкы Президенти Мүжахит Демирташ жетектеген делегация ТҮРКПА Катчылыгына келип, Катчылыктын дипломатиялык кызматкерлери менен жолугушту.

Башкы катчынын орун басары Фуад Алакбаров делегацияга Ассамблеянын алкагында жүргүзүлүп жаткан уюмдун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди. Өз кезегинде ТДАИБ Башкы Президенти Мүжахит Демирташ жана ТДАИБ Башкы катчысы Ильяс Демиржи да Биримдиктин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип, мындан аркы жигердүү кызматташууну өнүктүрүү ниетин билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз уюмдарынын ортосунда мүмкүн болгон биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.