Monday, 16 May 2022, 19:11:15 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА делегациясы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде болду

2022-жылдын 13-январында ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр жетектеген делегация Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Биринчи проректору Асылбек Кулмырзаев менен жолугушту. Проректор, проф. Мустафа Орчан, Башкы катчы Доц., док. Октай Өзгүл, Тышкы иштер башкармалыгынын Директору Кадри Аггүн, Радио жана телевидениенин Директору, Басма сөз жана коомчулук менен байланыштар боюнча Директордун орун басары Док. Бүлент Намал да жолугушууга катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кулмырзаев мырза университеттин ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берип, КТМУ QS (Quacquarelli Symonds) рейтингинде Чыгыш Европа жана Борбордук Азиядагы эң мыкты 451 университеттин арасында 156-орунду ээлегенин баса белгиледи. Рейтинг 30 өлкөнүн университеттерин 10 түрдүү критерий боюнча баалоо жолу менен түзүлөт. QS дүйнөдөгү эң популярдуу университет рейтингдеринин бири катары белгилүү.

Өз кезегинде Башкы катчы университетти Борбор Азиядагы эл аралык деңгээлде таанылган талаптарга жооп берген алдыңкы университеттердин бири катары жогору баалап, ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан академиялык жетишкендиктердин натыйжасында ар түрдүү тармактарда, анын ичинде билим берүү жана илим жааттарында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо университеттин ролун белгиледи.

Иш сапардын алкагында Башкы катчы “MEDIAMANAS Live TV” жана “Anadolu” агенттигине интервью берди. MEDIAMANAS – университеттин Кыргызстан жана Борбордук Азиядагы эң заманбап жабдыктарга ээ телестудиясы жана радиоканалы бар Медиа борбору. Борбордон университеттин кызматкерлери гана эмес, башка мамлекеттик жана жеке телеканалдар, музыканттар, продюсердик студиялар да пайдаланат. Түркиянын жана Кыргызстандын абройлуу медиа уюмдарында көп жылдан бери иштеп келген тажрыйбалуу командасы менен бирге борбор өзгөчө кызматтарды сунуштайт.