Monday, 16 May 2022, 20:26:14 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына барды

2022-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр жетектеген ТҮРКПА делегациясы Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директорунун орун басары Гүлнара Байтакова менен жолугушту.

ТҮРКПА делегациясы китепкананын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алып, анын имараттары менен, ошондой эле Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) колдоосунда иштеп жаткан Кыргыз-Казак маданий борбору жана Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданий борбору менен таанышты.

Өз кезегинде Башкы катчы Түрк дүйнөсүнүн улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов атындагы борбордун ачылышын жогору баалап, анын боордош Түрк мамлекеттеринин маданий кызматташтыгын мындан ары да чыңдоосуна ишенимин билдирди.

Ал ошондой эле ТҮРКПАнын Түрк кызматташтыгынын парламенттик өлчөмү катары китепкананын тиешелүү тармактардагы ишмердүүлүгүн колдоого даярдыгын билдирди.