Monday, 23 May 2022, 00:51:07 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Жогорку Кеңештин Төрагасы Башкы катчыны кабыл алды

2022-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эрди кабыл алды.

Парламент башчысы Эр мырзаны Башкы катчы кызматына киришүүсү менен куттуктап, тажрыйбалуу дипломат катары ТҮРКПАга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы парламенттик багыттагы байланыштарды чыңдоого олуттуу салым кошоруна ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Башкы катчы төрагага ыраазычылыгын билдирип, аны парламенттин төрагасы кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады.

Түрк тилдүү мамлекеттер үчүн ТҮРКПАнын маанилүү ролун баса белгилеген Мамытов мырза Кыргыз тарабынын мындан ары да Ассамблеянын ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.

Тараптар ТҮРКПАнын учурдагы жана келечектеги ишмердүүлүгүн талкуулашып, ошондой эле 2022-жылдын экинчи жарымында Кыргызстанда болуп өтө турган 11-пленардык жыйынга даярдык көрүү боюнча пикир алмашышты.