Sunday, 22 May 2022, 23:09:17 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Башкы катчы Кыргыз дипломатиялык академиясынын ректору менен жолугушту

2022-жылдын 13-январында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын ректору Чынара Адамкулова менен жолугушту. Жолугушууга 2009-2010-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон, проректор, профессор Зайнидин Курманов да катышты.

Башкы катчы ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдө Түрк мамлекеттеринин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган маанилүү иш-чаралар өткөрүлгөнүн белгиледи. Ал ошондой эле Түрк биримдигин чыңдоого багытталган иш-чаралардын маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул контекстте Дипломатиялык академиянын мүчө-мамлекеттердин тийиштүү институттары менен мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө багытталган демилгелерин жогору баалап, академия менен жемиштүү кызматташууга даяр экенин билдирди.

Тараптар өз мекемелеринин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча бири-бирин маалымат берип, өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда мүмкүн болгон биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.