Sunday, 16 January 2022, 14:56:10 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА “Peace4Culture” өнөктөштөр форумуна катышты

2021-жылдын 2-декабрында ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Фуад Алакбаров Азербайжандын Баку шаарындагы АДА университетинде мамлекеттик кызматкерлердин, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык миссиялардын жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өткөн “Peace4Culture” (Маданият үчүн тынчтык) аттуу өнөктөштөр форумуна катышты.

Иш-чаранын программасы “Маданият тынчтык үчүн эмне кыла аларын эле эмес, ошондой эле тынчтык маданият үчүн эмне кыла аларын да ойлонгула”, “Биз туруктуу тынч коомдорду жана дүйнөнүн эл аралык системасын кантип бекемдейбиз” жана “Дүйнөнүн жана коопсуздуктун чакырыктары: көп тараптуу кызматташтыкты куруу” деген үч панелдик сессияны камтыды.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар маданияттын, мурастын жана иденттүүлүктүн дүйнөнү куруудагы ролун жана бул факторлордун жалпы баалуулуктарга жана кызыкчылыктарга оң таасирин талкуулашты.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар