Sunday, 16 January 2022, 15:15:41 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА Миссиясы Бишкекте жолугушууларды өткөрдү

2021-жылдын 26-ноябрында ТҮРКПАнын Шайлоолорду байкоо Миссиясы өзүнүн байкоо программасынын алкагында Кыргыз Республикасындагы парламенттик шайлоого катышкан саясий партиялардын расмий өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Саясий партиялардын өкүлдөрү ТҮРКПАнын байкоочуларына өздөрүнүн шайлоо платформалары жана 2021-жылдын 28-ноябрында аралаш система боюнча болуп өтө турган парламенттик шайлоодон күтүүлөрүнө байланыштуу маалымат беришти.

27-ноябрда Миссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын милдетин аткаруучу, Парламенттин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева айым менен жолугушту.

Касымалиева айым шайлоонун таза, демократиялык жана ачык өткөрүлүүсү жагынан ТҮРКПА Миссиясынын байкоо жүргүзүүсү өтө маанилүү экенин белгиледи. Ал Миссияга шайлоого даярдык жана алдыдагы парламенттик шайлоонун негизги өзгөчөлүктөрү, анын ичинде парламенттин мүчөлөрүн шайлоонун аралаш системасы жана пропорционалдык система боюнча шайлоого катышкан саясий партиялар үчүн квоталарга байланыштуу ченемдик укуктук базага байланыштуу маалымат берди.

Буга чейин, 25-ноябрда Миссия ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын Төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен да жолугушкан.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар