Sunday, 16 January 2022, 14:38:43 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА КДЭКУПАнын 58-Башкы Ассамблеясына катышты

ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары 2021-жылдын 22-ноябрында виртуалдык форматта өткөрүлгөн Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (КДЭКУПА) 58-Башкы Ассамблеясына катышты.

Иш-чарада КДЭКУПА-га мүчө-өлкөлөрдүн парламенттик делегациялары, байкоочу уюмдардын жана конок мекемелердин өкүлдөрү чогулган.

Пленардык жыйынды КДЭКУПА-нын Президенти Кристина-Мадалина Пруна айым ачты. Күн тартибиндеги маселелерге төрагалык кылууну ротациялоо, КДЭКУПА-нын комитеттеринин отчеттору жана сунуштамалары, ошондой эле КДЭКУПА жана анын тийиштүү органдарынын жана сектордук диалог боюнча өнөктөштөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат камтылган.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар