Tuesday, 04 October 2022, 16:36:23 — Baku (UTC+4)
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы
ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссиясынын алтынчы жыйыны
Айлана чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча
20.09.2021
2021-жылдын 20-сентябрында Айлана-чөйрө жана табигый ресурстары боюнча Комиссиянын алтынчы жыйыны виртуалдуу форматта Комиссиянын мүчөлөрүнүн жана ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү. Аталган жыйынды Комиссиянын Төрагасы жана Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Саламаттыкты сактоо боюнча Комитетинин Төрагасы Ахлиман Амирасланов мырза жетектеди. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар “Суу ресурстарын жана жерди башкаруу” деген негизги темада пикир алмашышты. Комиссия бул маселе боюнча отчет менен сунуштарды, ошондой эле 2021-жылдын 27-28-сентябрында Түркстан шаарында, Казакстанда, өтө турган Онунчу Пленардык жыйында карала турган “Энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана энергиянын натыйжалуулугу жөнүндө” моделдик мыйзамдын долбоорун карап жактырды.
ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссиясынын бешинчи жыйыны
Айлана чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча
30.05.2019
ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссиясынын бешинчи жыйыны 2019-жылдын 30-майында, Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (Парламент) тарабынан өткөрүлдү. Жыйындын негизги темасы "Жаратылыш ресурстарын экологиялык жактан туртуктуу пайдалануу: укуктук колдоо" маселеси болду.
ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссиясынын төртүнчү жыйыны
Айлана чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча
14.09.2018
ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссиясынын төртүнчү жыйыны 2018-жылдын 14-сентябрында Бишкек шаарында, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын депутаттарынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан өткөрүлдү. Жолугушуунун күн тартибиндеги негизги маселе “Гендик-модификацияланган организмдердин жайылышынын таасири” болду.
ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча Комиссиясынын сегизинчи жыйыны
Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча Комиссия
20.09.2021
2021-жылдын 20-сентябрында Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын сегизинчи жыйыны виртуалдуу форматта өттү. Жыйынга Комиссия мүчөлөрү жана Катчылыктын өкүлдөрү катышышты. Иш-чараны Комиссиянын төрагасынын орун басары жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин депутаты Сауытбек Абдрахманов мырза жетектеди. Катышуучулар "ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн туризмин жакшыртуу: Ковид-19 пандемиясынын таасири жана келечектеги перспективалар" аттуу негизги темада талкуу жүргүзүштү. Комиссия отчетту жана сунуштарды, ошондой эле укуктук документтерди 2021-жылдын 27-28-сентябрында Түркстан шаарында, Казакстанда, өтүүчү ТҮРКПАнын онунчу пленардык сессиясына сунуштала турган моделдик мыйзамдар жөнүндө, Аял-парламентарийлер тобу жана Жаш парламентарийлер тобу жөнүндө Жоболордун долбоорлорун жактырды.
ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча Комиссиясынын жетинчи жыйыны
Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча Комиссия
01.03.2019
2019-жылдын 1-мартында Астана шаарында Казакстан Республикасынын Парламенттик Ассамблеясы тарабынан уюштурулган ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча Комиссиясынын жетинчи жыйыны болуп өттү.
ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча Комиссиясынын алтынчы жыйыны
Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча Комиссия
31.10.2018
2018-жылдын 31-октябрында Баку шаарында Азербайжан Республикасынын Милли Мажлиси тарабынан өткөрүлгөн ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча Комиссиясынын алтынчы сессиясына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын депутаттары жана эксперттери катышты. Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе "ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин терроризмге каршы мыйзамдары боюнча жалпы позициясын калыптандыруу" болду.
ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын сегизинчи жыйыны
Экономикалык кызматташтык боюнча Комиссия
20.09.2021
2021-жылдын 20-сентябрында Экономикалык кызматташтык боюнча Комиссиянын сегизинчи жыйыны виртуалдуу форматта өттү. Иш-чарада Комиссиянын мүчөлөрүнүн жана ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрү катышты. Жыйында Комиссиянын Төрагасы жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин мүчөсү Амерхан Рахимжанов мырза төрагалыкты тутту. Жыйындын негизги темасы “Жашыл экономиканы”, инновацияларды жана санариптештирүүнү мыйзамдык колдоо тажрыйбасы” болду. Комиссия отчетту жана сунуштамаларды, ошондой эле 2021-жылдын 27-28-сентябрында Казакстандын Түркстан шаарында өткөрүлө турган ТҮРКПАнын онунчу пленардык жыйынына сунуштала турган “Электрондук коммерция жөнүндө” моделдик мыйзамдын долбоорлорун жактырды.
ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын жетинчи жыйыны
Экономикалык кызматташтык боюнча Комиссия
08.04.2019
2019-жылдын 8-апрелинде Азербайжан Республикасынын Милли Мажлиси (Парламент) тарабынан өткөрулгөн ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын жетинчи жыйынына мүчө өлкөлөрдүн парламентарийлери менен эксперттери чогулган. Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе “Биргелешкен технологияны өнүктүрүү: ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн илимий жана ишкер чөйрөлөрүнүн ар тараптуу кызматташуусу” болду.
ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын алтынчы жыйыны
Экономикалык кызматташтык боюнча Комиссия
28.09.2018
2018-жылдын 27-28-сентябрында Анкара шаарында Түркия Улуу Улуттук Жыйыны тарабынан өткөрүлгөн ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын алтынчы жыйынына Азербайжан, Казакстан жана Түркиядан келген депутаттар катышты. Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе “ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдө инновациялык ишкердиктин перспективалары” болду.
ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссиясынын тогузунчу жыйыны
Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссия
22.04.2022
2022-жылдын 22-апрелинде Баку шаарында Азербайжан Республикасынын Милли Мажлиси тарабынан уюштурулган Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссиянын тогузунчу жыйыны болуп өттү. Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе “ТҮРКПА өлкөлөрүндө социалдык ишкердикти колдоо” болду. Мүчө-өлкөлөрдүн парламентарийлери, эксперттери жана парламенттеринин, тиешелүү министрликтеринин жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле ТҮРКПАнын Катчылыгынын өкүлдөрү катышкан жыйын Комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мүчөсү Айбек Осмонов мырзанын төрагалыгы астында өткөрүлдү. Катышуучулар ТҮРКПА регионунда социалдык ишкердикти өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, бул коомдук институтту туруктуу өсүштүн жана экономикалык өнүгүүнүн маанилүү элементи катары өнүктүрүү боюнча иш-чараларды камсыз кылууда мүчө парламенттердин ролун белгилешти. Катышуучулар ошондой эле тиешелүү чөйрөдө мүчө-өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарын жакындатуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышты. Комиссия талкуу өткөрүп, 2022-жылдын 23-24-июнунда Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарында болуп өтө турган ТҮРКПАнын Он биринчи пленардык жыйынында сунуштала турган отчетту жана сунуштамаларды, ошондой эле Комиссиянын алкагында иштелип чыккан “Социалдык ишкердикти өнүктүрүү жөнүндө” моделдик мыйзамдын долбоорун бекитти. Мындан тышкары, Комиссия 2028-жылга чейин узак мөөнөттүү мезгилге карата жыйындарынын темаларын жана моделдик мыйзамдардын аталыштарын бекитти.
ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссиясынын сегизинчи жыйыны
Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссия
20.09.2021
2021-жылдын 20-сентябрында ТҮРКПА Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссиянын сегизинчи жыйыны виртуалдуу форматта депутаттардын жана Катчылыктын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү. "Пандемия абалында ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдүн айылдык аймактарындагы социалдык абал" аттуу негизги темага арналган жыйын Комиссиянын Төрагасынын орун басары жана Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин депутаты Низами Жафаров мырзанын төрагалыгынын астында өттү. Комиссия бул маселе боюнча баяндаманы жана сунуштаманы, ошондой эле 2021-жылдын 27-28-сентябрында Казакстандын Түркстан шаарында болуп өтө турган Онунчу Пленардык жыйында карала турган Комиссиянын алкагында иштелип чыккан "Кинематография жөнүндө" жана "Кинематография жана аудиовизуалдык чыгармаларды өндүрүү үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жөнүндө" моделдик мыйзамдардын долбоорлорун талкуулап жактырды.
ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссиясынын жетинчи жыйыны
Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссия
16.05.2019
2019-жылдын 16-майында ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссиясынын жетинчи жыйыны Анкара шаарында Түркия Улуу Улуттук Жыйыны тарабынан өткөрүлдү. Жыйындын негизги темасы “БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагындагы гендердик маселелер, ТүркПАга мүчө өлкөлөрдөгү заманбап үй-бүлөлөрдүн маданий иденттүүлүгү (мыйзамдарда перспективалар) болду”.
ТҮРКПАнын Укуктук маселелер боюнча Комиссиясынын үчүнчү жыйыны
Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча Комиссия
28.04.2014
2014-жылдын 28-апрелинде Казакстандын борбору Астана шаарында ТҮРКПА Укуктук комиссиясынын үчүнчү жыйыны болуп өттү. Жыйынга Комиссиянын Төрагасынын орун басары жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажлисинин мүчөсү Нурлан Абдиров мырза жетекчилик кылды.
ТҮРКПАнын Укуктук маселелер боюнча Комиссиясынын экинчи жыйыны
Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча Комиссия
07.11.2012
ТҮРКПАнын Укуктук маселелер боюнча Комиссиясынын экинчи жыйыны 2012-жылдын 4-7-ноябрында Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарында болуп өттү. Жыйында "ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин Регламенттери жана депутаттардын ыйгарым укуктары" жана "ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин ортосундагы мыйзам чыгаруу маселелери боюнча кызматташуу" боюнча докладдар жана сунуш чечимдери талкууланды.
ТҮРКПАнын Укуктук маселелер боюнча Комиссиясынын биринчи жыйыны
Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча Комиссия
22.12.2011
ТүркПАнын Укуктук маселелер боюнча Комиссиясынын биринчи жыйыны 2011-жылдын 19-21-декабрында Түркия Республикасынын борбору Анкара шаарында болуп өттү. Жыйында "ТүркПАга мүчө мамлекеттердин Парламенттеринин конституциялык системасында милдеттери жана жоопкерчиликтери жана депутаттардын ролу" боюнча докладдар жана сунуштар топтому талкууланды.
ТҮРКПАнын Эл аралык байланыштар боюнча Комиссиясынын үчүнчү жыйыны
Эл аралык байланыштар боюнча Комиссия
15.04.2014
ТҮРКПАнын Эл аралык байланыштар боюнча Комиссиясынын үчүнчү жыйыны 2014-жылдын 15-апрелинде Бишкек шаарында болуп өттү. Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе Түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүсү болду.
ТҮРКПАнын Эл аралык байланыштар боюнча Комиссиясынын экинчи жыйыны
Эл аралык байланыштар боюнча Комиссия
12.12.2012
2012-жылдын 11-12-декабрында Астана шаарында ТҮРКПАнын Эл аралык байланыштар боюнча Комиссиясынын экинчи жыйыны болуп өттү.
ТҮРКПАнын Эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын биринчи жыйыны
Эл аралык байланыштар боюнча Комиссия
05.11.2011
2011-жылдын 3-ноябрында ТҮРКПАнын Эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын биринчи жыйыны болуп өттү. Иш-чарага мүчө өлкөлөрдүн депутаттары, ТҮРКПАнын Катчылыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты. Жыйында боордош Түркиядагы террористтик актылар жана Ван провинциясындагы жер титирөөнүн курмандыктары бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерилди.