Tuesday, 30 November 2021, 11:10:28 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Эл аралык Түрк маданияты уюму - ТҮРКСОЙ - Түрк дүйнөсүнүн ЮНЕСКОсу болуп эсептелет жана Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркиянын маданият министрлери тарабынан 1993-жылы келишимине кол коюусу менен түзүлгөн.

Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Россия Федерациясынын автономиялуу республикалары, Татарстан, Башкортостан, Алтай, Саха, Тува, Хакасия жана Гагаузия (Молдова) ТҮРКСОЙго байкоочу мүчө мамлекеттер катарында кошулду. ТҮРКСОЙ түзүлгөндөн бери түрк элдеринин ортосундагы бир туугандык жана тилектештик байланыштарын чыңдоо, жалпы түрк маданиятын келечек муундарга өткөрүп берүү жана аны менен дүйнө жүзүн тааныштыруу максатында иштеп келе жатат.

1993-жылдан бери ТҮРКСОЙ мамлекет башчыларынын колдоосу астында, алардын макулдугу менен иштеп келе жатат.

ТҮРКСОЙ өз ишмердүүлүгүн Түрк Кеңеши, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду менен биргеликте жүргүзөт. Ошондой эле ТҮРКСОЙ бирдей принциптерди жана максаттарды көздөгөн ЮНЕСКО жана ИСЕСКО менен кызматташат. Мындан тышкары, ТҮРКСОЙ көптөгөн муниципалитеттер, университеттер жана өкмөттүк эмес уюмдар менен ар кандай кызматташтык боюнча иш-чараларын жүргүзөт.

www.turksoy.org

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы