Wednesday, 08 December 2021, 20:28:52 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы (ТҮРКПА) 2008-жылдын 21-ноябрында Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын Парламенттеринин төрагалары кол койгон Макулдашуунун негизинде, Түркиянын Стамбул шаарындагы Долмабахче сарайында түзүлгөн.

2009-жылдын 29-сентябрында Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) биринчи пленардык жыйыны болуп өттү. Пленардык жыйында ТҮРКПАнын Регламентин, Катчылыгынын Жобосун жана Баку Декларациясын түзүү жана Катчылыкты Бакуда туруктуу негизде жайгаштырылуусу боюнча чечимдер кабыл алынган.

ТҮРКПАга төрагалык кылуу жылына бир жолу англис алфавити боюнча бир өлкөдөн экинчи өлкөгө өткөрүлүп берилет.

ТҮРКПАнын Катчылыгы - Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарында жайгашкан эл аралык уюм.